Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Адылбек Касымалиев бир катар объекттерди текшерди

Министрлер кабинети 190 15 Август 2026 17:30
6a8024a7515b6.jpeg
6a8024a7a99dd.jpeg
6a8024a8a6b95.jpeg
6a8024aadb4ad.jpeg
6a8024a96dada.jpeg
6a8024aa97238.jpeg
6a8024ad4f3f0.jpeg
6a8024b06e027.jpeg
6a8024aeea27d.jpeg
Алдыга
Артка
6a8024a7515b6.jpeg
6a8024a7a99dd.jpeg
6a8024a8a6b95.jpeg
6a8024aadb4ad.jpeg
6a8024a96dada.jpeg
6a8024aa97238.jpeg
6a8024ad4f3f0.jpeg
6a8024b06e027.jpeg
6a8024aeea27d.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 15.08.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүлүп жаткан бир катар инфраструктуралык, туристтик, маданий жана спорттук объектилердин даярдыгынын жүрүшүн текшерди. 

Алгач министрлер кабинетинин төрагасы Өрнөк айылында жайгашкан Курманжан датка атындагы Көчмөн цивилизация борборунун даярдыгы менен таанышты.

Борбордо VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий илимий программасынын алкагында "Көчмөн цивилизациялары: мурас, парадигмалар жанакелечек" аттуу эл аралык илимий конференция өткөрүлөт.

Учурда борбордо "Улуу тоолор баяны" аттуу чакырыктын негизинде 16 скульптуралык композиция жана 7 кум скульптурасы музейдин кире беришине орнотулду. 

Минкаб жетекчиси ошондой эле Чолпон-Атадагы дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин “Газпром” имаратынын даярдыгы менен таанышып,  Этномаданий өнүктүрүү, ат спорту индустриясы жана асыл тукум мал чарбачылыгы борборунда (ипподром) курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди. 

Ал ат спорту боюнча мелдештерди өткөрүү үчүн арена куруу долбоору менен да таанышып, Чолпон-Ата “Nomad” этнокомплексинин абалын көрүп чыкты.

Жумушчу сапарынын жыйынтыгында Адылбек Касымалиев Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүүнүн жүрүшүн текшерди. Этношаарчаны куруу, аймакты көрктөндүрүү, аянтчаларды даярдоо жана зарыл инфраструктураны түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу баяндамалар берилди.

Минкаб башчысы объекттерге баргандан кийин, тийиштүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алдыдагы эл аралык иш-чаралардын катышуучуларын жана конокторун жогорку уюштуруучулук деңгээлде тосуп алуу, коопсуздук, көрктөндүрүү, инфраструктура маселелерине өзгөчө көңүл буруп, бардык даярдык иштерин өз убагында жана сапаттуу аяктоону камсыз кылууну тапшырды.