Адылбек Касымалиев Минскте Александр Лукашенко менен жолукту

Министрлер кабинети 2 октябрь 2026 16:15
6abf829fa7585 (1).jpeg
6abf82b4e1cb4.jpeg
6abf82bf8da45.jpeg
6abf82c9f2a82.jpeg
6abf82e6d7a62.jpeg
6abf82e91a393.jpeg
6abf82e629e68.jpeg
6abf82e963c1d.jpeg
6abf82eacd9e5.jpeg
6abf82ec01714.jpeg
6abf82f42f62b.jpeg
Алдыга
Артка
6abf829fa7585 (1).jpeg
6abf82b4e1cb4.jpeg
6abf82bf8da45.jpeg
6abf82c9f2a82.jpeg
6abf82e6d7a62.jpeg
6abf82e91a393.jpeg
6abf82e629e68.jpeg
6abf82e963c1d.jpeg
6abf82eacd9e5.jpeg
6abf82ec01714.jpeg
6abf82f42f62b.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапарынын алкагында Беларусь президенти Александр Лукашенко менен жолукту. 

Жолугушуу Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйындарына катышуу үчүн Минск шаарына келген Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин жана ЕАЭБге байкоочу өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен биргеликте болду. 

Анда минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Александр Лукашенкого президент Садыр Жапаровдун жылуу саламын жолдоп, Кыргызстан ЕАЭБдин алкагында Беларусь менен түзүлгөн конструктивдүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты жогору бааларын белгиледи. 

Жолугушуунун катышуучулары Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумдарынын жана “Иннопром. Беларусь” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн жүрүшүндөгү мындай сүйлөшүүлөр жаңы практикалык чечимдерди иштеп чыгууга жана ЕАЭБ алкагындагы интеграциялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.