Адылбек Касымалиевдин Беларуска болгон иш сапары аяктады

Министрлер кабинети 3 октябрь 2026 10:40
Адылбек Касымалиевдин Беларуска болгон иш сапары аяктады
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 03.10.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин үстүбүздөгү жылдын 1-2-октябрь күндөрү Беларуска болгон иш сапары аяктады. 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйындарына катышты.

Соода-экономикалык жана ар тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн камтыган тар жана кеңейтилген курамда өткөрүлгөн жыйындардын күн тартибине ылайык ондон ашуун маселе каралып, бир катар документтерге кол коюлду. 

Отурумдарга Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын өкмөт башчылары, ошондой эле ЕАЭБге байкоочу мамлекет Өзбекстан Республикасынын премьер-министри, ал эми Иран Ислам Республикасынын, Куба Республикасынын делегация башчылары катышты. 

Мындан тышкары, минкаб төрагасы Адылбек Касымалиевдин ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары менен биргеликте Беларусь президенти Александр Лукашенко менен жолугушуусу болду. Анда ЕАЭБ алкагындагы интеграциялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө байланышкан маселелер сүйлөшүлдү.

Ошондой эле сапардын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев делегация башчылары менен биргеликте “Иннопром. Беларусь” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышып, анын пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. 

“Иннопром. Беларусь” – бул ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ар кандай өнөр жай тармактарынын өкүлдөрүн, инновациялык компанияларды, инвесторлорду жана мамлекеттик органдарды бириктирген аянтча болду.