Адылбек Касымалиев Беларуска иш сапары менен барды

Министрлер кабинети 1 октябрь 2026 17:30
6abe44fa23ca9.jpeg
6abe45167cbd8.jpeg
6abe452a9559b.jpeg
6abe452a7beac.jpeg
6abe4525c641c.jpeg
6abe4521b676e.jpeg
6abe4521b3239.jpeg
6abe450fb03d1.jpeg
6abe450f93709.jpeg
6abe45068c01d.jpeg
6abe44ff19b27.jpeg
Алдыга
Артка
6abe44fa23ca9.jpeg
6abe45167cbd8.jpeg
6abe452a9559b.jpeg
6abe452a7beac.jpeg
6abe4525c641c.jpeg
6abe4521b676e.jpeg
6abe4521b3239.jpeg
6abe450fb03d1.jpeg
6abe450f93709.jpeg
6abe45068c01d.jpeg
6abe44ff19b27.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Беларустун Минск шаарына иш сапары менен барды.

“Минск” улуттук аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевди Беларустун премьер-министринин орун басары Юрий Шулейко жана башка расмий кызмат адамдары тосуп алышты. 

Эске сала кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отурумдарына, ошондой эле “Иннопром. Беларусь” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө жана анын пленардык жыйынына катышат.

Иш-чаралар Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын, ошондой эле ЕАЭБге байкоочу мамлекеттердин жана чакырылган өлкөлөрдүн делегация башчыларынын, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасынын катышуусунда өтөт. 

Отурумдардын жыйынтыгында Евразия экономикалык биримдигинин алкагында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлат.