Бишкек, 10.11.26. /Кабар/. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун жана Беларустун премьер-министринин орун басары Александр Тереховдун жетекчилигинде Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-беларусь өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 13-жыйыны тар жана кеңейтилген курамда болуп өттү.
Анда комиссия төрагалары Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 13-жыйыны жана Аймактар аралык биринчи форуму — кыргыз-беларусь мамилелерин өнүктүрүүдөгү дагы бир маанилүү этап катары карашып, бул иш-чаралар келечектеги кызматташууну кеңейтүүгө салым кошоруна ишенерин билдиришти.
Алар ошондой эле, эки тараптуу кызматташуунун азыркы жогорку ыргагын белгилешип, ал Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана Беларусь президенти Александр Лукашенконун саясий эркинин аркасында жана өкмөт башчыларынын деңгээлинде үзгүлтүксүз диалогдун натыйжасында жетишилгенин билдиришти.
Маселен, 2021-жылдан 2025-жылга чейин Кыргызстан менен Беларусиянын ортосундагы өз ара сооданын көлөмү дээрлик 4 эсеге өскөн. 2030-жылга чейинки соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жол картасында өз ара соода жүгүртүүнү 500 млн АКШ долларына чейин жеткирүү максаты каралган.
Бул максатка жетүү үчүн ишкерлер туш болгон маселелерди чечүү жана ишканалар ортосундагы түз байланыштарды кеңейтүү зарыл. Ал эми, өкмөттөр аралык комиссия бул иштердин практикалык жүзөгө ашырылышын камсыз кылышы керектиги белгиленди.
Минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков сөзүнүн арасында өнөр жай ишканалары үчүн Кыргыз Республикасында инвестицияларды тартууга багытталган салыктык жана бажы жеңилдиктери, мамлекеттик колдоо чаралары, ошондой эле каржылык инструменттер каралганыын айтты.
“Биз автомобиль жана машина куроо, станок куроо, жеңил өнөр жай жана фармацевтика чөйрөлөрүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарбыз. Ошол эле учурда, биргелешкен демилгелерди баштоо үчүн каржылоо булактарына жеткиликтүүлүк чоң мааниге ээ. Кыргызстанда бир катар мамлекеттер менен эки тараптуу өнүктүрүү фонддору иштеп жатат. Ушуга байланыштуу, биз Беларусь өнүктүрүү банкы менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү кароону сунуштайбыз. Мындай кызматташтык ишкерлерди каржылоо жана өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтиши мүмкүн”, — деди Эрлист Акунбеков.
Өз кезегинде Беларустун премьер-министринин орун басары Александр Терехов Беларусь Кыргызстан менен өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүүгө дайым умтуларын белгилеп, бул жолку жолугушуу кыргыз-беларусь мамилелерин мындан ары бекемдөөгө жаңы дем берерине терең ишенерин билдирди.
Отурумдун күн тартибине өнөр жай жана өндүрүш, курулуш жана транспорт, айыл чарба жана агроөнөр жай комплекси, ошондой эле саламаттык сактоо сыяктуу алты маселе киргизилген, бул тармактарда эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн баяндамалары угулуп, талкууланды.
Соңунда Кыргыз-беларусь өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 13-жыйынынын протоколуна, ошондой эле "БЕЛАВТОМАЗ" холдингинин башкаруучу компаниясы "МАЗ" ААКсы менен "Автомаш-Радиатор" ЖЧКсынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга, "Гомсельмаш" ААКсы менен "Автомаш-Радиатор" ЖЧКсынын ортосунда техниканы жеткирүү келишимине кол коюлду.