Бишкек, 10.11.26 /Кабар/. Жалал-Абад облусунун делегациясы Беларустун Гродно облусундагы өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышууда.
Делегацияны президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев жетектеп барды.
Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, иш сапар өнөр жайды өнүктүрүү боюнча «Борбор Азиядагы өнөр жай трансформациясы жана инвестицияларды мобилизациялоо» аттуу биринчи аймактык форумдун алкагында өтүүдө.
Сапардын жүрүшүндө эки облустун ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, өнөр жай жана айыл чарба тармактарында кызматташуу, инвестиция тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланууда.
Ошондой эле делегация Лида шаарындагы "Лида сүт-консерва комбинаты" ААКтын иши менен таанышты. Ишкана суткасына 1 миң 800 тоннага чейин сүттү кайра иштетүүгө жөндөмдүү. Анда кургак сүт, каймак, сырдын түрлөрү, сары май жана башка сүт азыктары өндүрүлөт.
Тилек Текебаев Жалал-Абад облусунда сүт азыктарын өндүрүүгө заманбап технологияларды киргизүү жана бул багытта тажрыйба алмашуу кызыкчылыгы бар экенин билдирди.