Кыргыз-беларусь аймактар ​​аралык форуму: 6 документке кол коюлду

Министрлер кабинети

Алдыга
Артка

copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 10.11.26 /Кабар/. Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы кыргыз-беларусь биринчи аймактар аралык форуму өттү. 

Форумдун ачылышында Беларуска жумуш сапары менен барган министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков жана Беларустун премьер-министринин орун басары Александр Терехов сөз сүйлөштү. 

Анда эки мамлекеттин өкмөт башчыларынын расмий өз ара сапарларынын жүрүшүндө тараптардын Аймактар аралык форумун өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилгени, ал демилгелер бүгүнкү күндө иш жүзүнө ашырылганы белгиленди.

Эрлист Акунбеков кыргыз тарап аймактар аралык кызматташтыкты эки тараптуу алакалардын маанилүү багыты катары караарын, жалпы милдет — 2030-жылга чейинки соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Жол картанын артыкчылыктуу багыттарына шайкеш келген конкреттүү долбоорлор менен толуктоо экендигин билдирди.

Ошол эле учурда, ар бир аймактын өзгөчөлүктөрүн жана экономикалык адистешүүсүн эске алуу менен, аймактарды комплекстүү өнүктүрүү боюнча Кыргызстанда мамлекеттик программалар ишке ашырылып жатканын айткан Эрлист Акунбеков, беларусь ишканаларын биргелешкен долбоорлорго дагы активдүү катышууга чакырды.

"Урматтуу эки мамлекеттин аймактык жетекчилери, болгон мүмкүнчүлүктөрдү иш жүзүнө ашыруу, сиздердин демилгеңиздерден көз каранды. Форумда түзүлгөн байланыштарды сактап калуу, жооптуу өкүлдөрдү дайындоо, ошондой эле так мөөнөттөрү жана күтүлгөн натыйжалары көрсөтүлгөн кызматташуунун пландарын иштеп чыгуу зарыл. Ушуга байланыштуу, Кыргызстандын аймактык бийлик органдарына — беларусиялык кесиптештери менен биргеликте — кызыкдар ишканаларды аныктоону, биргелешкен ишканаларды түзүү үчүн ылайыктуу жайларды караштырууну жана далилдүү сунуштардын долбоорун даярдоону тапшырам", — деди Акунбеков. 

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Беларустун аймактар аралык өнөктөштүгү буга чейин жетишилген келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылып келет. Бул алгачкы форум байланыштарга жаңы дем берип, эки өлкөнүн аймактык бийлик органдары, ишкер чөйрөлөрү жана адистештирилген уюмдарынын ортосундагы үзгүлтүксүз диалог үчүн аянтча болуп кызмат кылууга багытталган. Ага байланыштуу, Кыргызстандын аймактарынан жана шаарларынан келген делегациялар үчүн өзүнчө программа уюштурулган. Бул өнөктөштөрдүн дараметин конкреттүү түрдө карап чыгууга жана кызматташуунун келечегин талкуулоого мүмкүнчүлүк түздү.

Кыргыз-беларусь биринчи аймактар аралык форумунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Беларустун аймактары ортосунда:

  • соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык чөйрөлөрдө кызматташуу жөнүндө келишимге;
  • өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга;
  • кызматташтык келишимин ишке ашыруу боюнча 2027-2028-жылдарга иш-аракеттер планына;
  • соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий жана гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча 2027-2029-жылдарга иш-аракеттер планына (Жол картасы);
  • бир тууган шаар мамилелерин түзүү жөнүндө меморандумга;
  • экономика, соода, маданият, билим берүү жана туризм тармактарында кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча 2027-2029-жылдарга карата Жол картасына кол коюлду.