Бишкек, 09.11.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Беларуска болгон иш сапарынын алкагында, бир катар өндүрүш ишканаларынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, эки тараптуу кызматташуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Алгач, Беларустагы эң ири өнөр жай комплекстеринин бири мунай жана химия боюнча мамлекеттик “Белнефтехим” концернине барган минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбековду концерндин төрагасынын орун басары Владимир Сизов тосуп алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө, концерндин курамындагы уюмдар чыгарган продукцияларды Кыргызстанга экспорттоого байланышкан маселелер сүйлөшүлдү. Белгилей кетсек, “Белнефтехим” концерни — мунай казып алуу, кайра иштетүү жана жеткирүү, химия жана нефтехимия багыттарында иш жүргүзгөн бир катар ишканаларды жана уюмдарды бириктирет.
Андан соң, “Ждановичи” агрокомбинат”мамлекеттик айыл чарба ишканасына барды. Мында делегация башчысын Беларусиянын айыл чарба жана азык-түлүк министринин биринчи орун басары Виталий Кулак баштаган расмий кызмат адамдары, ишканын ишмердүүлүгү менен тааныштырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө, көп тармактуу заманбап айыл чарба Беларусиянын мамлекеттик ишканасы менен Кыргызстандын ортосунда жашылча жана сүт азыктарын кайра иштетүү, өндүрүү жана жеткирүү багыттарында тажрыйба алмашуу маселелери сүйлөшүлдү.
Ошондой эле, минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков, КМШ аймагында жана дүйнөдө айыл чарба техникаларын чыгарган эң ири ишканалардын бири "Минск трактор заводу" ААКга барды.
Мында Беларустун өнөр жай министринин орун басары Леонид Рыжковский, заводдун башкы директорунун орун басары Александр Казакевич ишкананын өндүрүш процесси, Минск трактор заводунун аянтчасында уюштурулган айыл чарба, жол куруу жана жүргүнчү ташуучу атайын техникалардын көргөзмөсү менен тааныштырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар, негизинен Минск трактор заводунун атайын техникаларын Кыргызстанда чогултуу жана куроо боюнча заводду куруу маселелерин жандантууну талкуулашты.
Минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков, Кыргызстандын машина-трактордук паркын толуктоо, жаңылоо жана айыл чарба техникалары менен жеткиликтүү камсыздоо үчүн мамлекет тарабынан бир катар иш-чаралар аткарылып жатканын айтып, бул тармакта кызматташуунун ар кандай багыттарында иш алып барууга даяр экенин билдирди.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасында акыркы беш жылда айыл чарба техникаларын лизингке берүү операцияларынын көлөмү жылына акчалай алганда 35-40%га, берилген техникалардын саны 25-30%га өсүүдө. Статистикалык көрсөткүчтөр боюнча, бүгүнкү күнгө карата лизинг долбоорлору аркылуу 36,8 млрд сомго 13 миңден ашык техника лизинг менен дыйкандарга берилген.