Адылбек Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышты

ЕАЭБ 2 октябрь 2026 13:30
6abf5a3eadac9 (1).jpeg
6abf5ad12d215.jpeg
6abf5ac3a21f8.jpeg
6abf5ac32618f.jpeg
6abf5aac6ca8b.jpeg
6abf5a9f081e0.jpeg
6abf5a87bf309.jpeg
6abf5a4e82656.jpeg
6abf5a4654d00.jpeg
Алдыга
Артка
6abf5a3eadac9 (1).jpeg
6abf5ad12d215.jpeg
6abf5ac3a21f8.jpeg
6abf5ac32618f.jpeg
6abf5aac6ca8b.jpeg
6abf5a9f081e0.jpeg
6abf5a87bf309.jpeg
6abf5a4e82656.jpeg
6abf5a4654d00.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Беларуска болгон иш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты. 

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын деңгээлиндеги отуруму башталаар алдында, саламдашуу жана биргеликте сүрөткө түшүү аземи болуп, андан кийин делегация башчылары жыйынга катышуу үчүн залга өтүштү.    

Күн тартибинде ЕАЭБдин алкагында экономикалык интеграцияны мындан ары тереңдетүүгө жана ар тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүнө багытталган бир катар маселелер каралды. 

Белгилей кетсек, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары — Беларусь премьер-министри Александр Турчин, Казакстан премьер-министри Олжас Бектенов, Кыргызстан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышты, ал эми Армения премьер-министри Никол Пашинян онлайн форматта кошулду. 

ЕАЭБдин алкагында мамлекеттер ортосундагы кызматташуу маселелерин кенен кароо Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынында улантылат.