Мугалимдердин республикалык август кеңешмеси 21-22-августта өтөт

Билим 18 август 2026 15:25
Мугалимдердин республикалык август кеңешмеси 21-22-августта өтөт

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. Быйыл мугалимдердин республикалык август кеңешмеси 21-22-августта өтөт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Мелисбек Музулманов Кабар агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, август кеңешмесинде өткөн окуу жылына талдоо жүргүзүлүп, жаңы окуу жылына карата билим берүү тармагындагы негизги багыттар жана милдеттер аныкталат.

“Учурда август кеңешмесине жана жаңы окуу жылына даярдык иштерин жүргүзүп жатабыз. Кеңешмеде алдыдагы иш-пландарды, негизги багыттарды аныктайбыз. Негизинен өткөн окуу жылына анализ жүргүзүлүп, жаңы окуу жылына милдеттер коюлат”, – деди Музулманов.

Анын белгилешинче, жыл сайын өтүүчү мугалимдердин республикалык август кеңешмеси билим берүү тармагындагы адистердин башын бириктирген маанилүү иш-чара болуп саналат.