Инклюзивдик билим берүүдө ар бир балага жекече мамиле керек – эксперт

Билим
Инклюзивдик билим берүүдө ар бир балага жекече мамиле керек – эксперт
copyright icon Кабар

Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Инклюзивдик билим берүүдө өнүгүүсүндө өзгөчөлүгү бар ар бир баланын жеке муктаждыктарын эске алуу маанилүү. Бул тууралуу "Билим Next" билим берүү форумунда эксперт Виктория Токтосунова "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, баланы билим берүү процессине кошууда диагнозун гана эмес, жеке өзгөчөлүктөрүн, мүмкүнчүлүктөрүн, күчтүү жана алсыз жактарын да эске алуу керек.

Эксперт белгилегендей, диагнозу бирдей болгон үч балага да ар башка колдоо талап кылынышы мүмкүн. Бирине ассистент керек болсо, экинчисине билим алууга шарт түзүү жетиштүү. Ал эми үчүнчү бала үчүн өзүнчө билим берүү максаттарын аныктоо зарыл болушу мүмкүн.

"Инклюзия – бул өзгөчөлүгү бар балдарды бир класска кошуп коюу эле эмес. Ар бир баланын өзгөчөлүгүн түшүнүп, ага ылайыктуу билим берүү чөйрөсүн түзүү жана жеке максаттарды белгилөө маанилүү", – деди Токтосунова.

Ал айрым балдар көбөйтүү таблицасын өздөштүрө албаса да, башка балдар менен бирге билим ала аларын белгиледи. Болгону алардын билим алуу максаттары өзүнчө аныкталышы керек.