Кыргызстанда инклюзивдүү билим берүү тармагы өркүндөтүлөт

Коом 17 сентябрь 2026 16:20
WhatsApp Image 2026-09-17 at 13.19.12.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 13.19.13.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 13.19.13 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-09-17 at 13.19.12.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 13.19.13.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 13.19.13 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 17.09.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Германия элдик университеттеринин бирикмесинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү (DVV International) жана Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүү ассоциациясы менен өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумуна кол коюшту.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө эмгек рыногундагы тез өзгөрүүлөр, жаңы технологиялардын киргизилиши жана глобалдык атаандаштык ар бир жарандан өз билимин жана көндүмдөрүн дайыма жаңыртып турууну талап кылууда.

Ушул шартта инклюзивдүү чоңдорго билим берүү жөн гана билим эмес, бул майыптыгы бар адамдардын эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулаткан, анын социалдык туруктуулугун камсыз кылган маанилүү инструмент катары болууда.

Бүгүнкү күндө кесиптик окутуу, кайра даярдоо, квалификацияны жогорулатуу жана кыска мөөнөттүү окутуу программалары эмгек рыногунун талабына ылайык ишке ашырылып, миңдеген жумушсуз жарандарды, жаш курагына карабастан, анын ичинде аялдарды, жаштарды жана социалдык жактан аярлуу катмарларды камтууда.

Тактап айтканда, жыл сайын министрликтин көмөгү менен 6852ден 7566 чейин жумушсуз жаран окутулуп, алган кесиби боюнча 60-65% жумушка орноштурулат. 2026 – жылдын отчеттук мезгилинде 1054 майыптыгы бар адамдар кеп-кеңештерди алуу үчүн кайрылып, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатында 120 адам ишке орношкон.

"Кесиптик окутууга 93 адам жөнөтүлүп, акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга 254 адам катышып, социалдык контрактын алкагында 183 майыптыгы бар жаран менен контракт түзүлгөн. Бул өз кезегинде жарандардын ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, алардын өзүнө болгон ишенимин арттырууда", – деди министрдин биринчи орун басары Камчыбек Досматов.