Бишкекте инклюзивдик билим берүүнү өтүктүрүүгө арналган тегерек стол өттү

Билим 2768 20 Февраль 2025 17:41
pic-sh-3.jpg
475412299_1057431853097225_2763257700797199475_n.jpg
475661166_1057431683097242_6386675082913077358_n.jpg
476671319_1057431679763909_2782520517313100605_n.jpg
480329965_1057431686430575_4795704325556820877_n.jpg
480457879_1057431856430558_794075975505492395_n.jpg
Алдыга
Артка
pic-sh-3.jpg
475412299_1057431853097225_2763257700797199475_n.jpg
475661166_1057431683097242_6386675082913077358_n.jpg
476671319_1057431679763909_2782520517313100605_n.jpg
480329965_1057431686430575_4795704325556820877_n.jpg
480457879_1057431856430558_794075975505492395_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлигинде инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү маселелерине арналган тегерек стол өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чарага министрдин орун басары Расул Абазбек уулу, STLI долбоорунун жетекчиси А. Ходдинотт (Австралия), ЮНИСЕФтин, ошондой эле логопеддерди, дефектологдорду даярдаган жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышты.

Талкуунун негизги темасы инклюзивдик билим берүү чөйрөсүндө иштеген кадрларды, атап айтканда, сурдопедагог, дефектолог жана логопеддерди даярдоонун актуалдуу маселелери болду.

Иш-чаранын катышуучулары кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, инклюзивдик билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртууга багытталган биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу, өзгөчө билимге муктаж болгон балдарды окутуу үчүн методикалык колдоону камсыз кылуу жана шарттарды түзүү зарылдыгын баса белгилешти.

Инклюзивдик билим берүү маселеси Билим берүү министрлигинин 2025-жылга планына киргизилип, билим берүү уюмдарынын ортосундагы кызматташуу планын талкуулоо жана инклюзивдик билим берүү тармагында адистерди даярдоо боюнча комплекстүү иш-чаралар планын иштеп чыгуу демилгеси колго алынды.