Агартуу министрлиги жеке билим берүү уюмдарынын маселесин чечүүгө даяр

Билим
Агартуу министрлиги жеке билим берүү уюмдарынын маселесин чечүүгө даяр
copyright icon Кабар

Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Агартуу министрлиги жеке мектептер менен бала бакчалардын ишмердүүлүгүндө жаралган маселелерди карап, аларды чечүү үчүн ачык диалогго даяр. Бул тууралуу министрдин орун басары Виктория Мозгачева "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн билим берүү системасында мамлекеттик жана жеке секторлор иш алып барат. Алардын негизги максаты – балдарга сапаттуу билим берүү.

Мозгачева белгилегендей, акыркы мезгилде билим берүү тармагын санариптештирүү, анын ичинде лицензия алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Учурда документтердин саны кыскарып, лицензия алуу процесси электрондук форматка өткөрүлгөн жана мөөнөтү кыскартылган.

"Жеке билим берүү уюмдарынын өкүлдөрүн суроолору жаралса, министрликке түз кайрылып, кеңеш алууга чакырам. Ошондой эле педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана мамлекеттик-жеке билим берүү мекемелеринин ортосунда тажрыйба алмашуу маанилүү", - деп белгиледи ал.

Анын айтымында, жеке сектордун сунуштары мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү системасынын ишин жакшыртууга жардам берет. Мындай маселелерди чечүү үчүн министрлик менен түз байланышта болуу зарыл.