Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Жаныбек Орозалиев "Билим Next" билим берүү форумунун жүрүшүндө "Кабар" маалымат агенттигине борбор калаадагы мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик билим берүү мекемелеринин саны тууралуу айтып берди.

Анын маалыматына ылайык, учурда Бишкекте 125 мамлекеттик, муниципалдык жалпы билим берүү мектеби жана 137 бала бакча бар. Бул мектептерде болжол менен 272 миң бала, ал эми бала бакчаларда 38 миңге жакын бала тарбияланат.
Мындан тышкары, ал шаарда окуу программаларын башкармалык менен макулдашкан 110го жакын жеке менчик мектеп жана 130 жеке менчик бала бакча бар экенин белгиледи.
"Мамлекеттин өкүлдөрү катары биз жеке билим берүү уюмдары менен иштешүүгө дайыма даярбыз, анткени негизги көңүл балдарга - алардын билимине жана келечегине бурулушу керек", - деп баса белгиледи ал.