Президент Садыр Жапаровдун жаңы маегинде Кумтөр кенинин тегерегиндеги, атап айтканда кенди Кыргызстанга кайтаруу процессиндеги буга чейин айтылбаган айрым иштер туурасында кеп козголду. Эксперттер беш жыл мурун Кумтөрдү башкарууну Кыргызстанга кайтарып жатканда саясий эрк, чечкиндүүлүк, ишеним жана мүмкүнчүлүктөрдүн төп келүүсү ийгиликти шарттаганын белгилеп жатышат.
Кумтөрдү учурда Кыргызстан өзү иштетип, мамлекет жемишин көрүп жатат. 2021-жылдан бери компаниянын кирешеси 5 миллиард доллардан ашты. Кендин бизге өтүүсү өлкө тарыхында болуп көрбөгөн ири долбоорлорду баштоого, мамлекетте саясий жана экономикалык реформаларды жүргүзүүгө дем, күч болуп берди.
Мындан беш жыл мурун кен Кыргызстанга кандай кыйынчылыктар менен өткөнү баарыбызга маалым. Ошол кездеги процесстердеги айрым жагдайларды Садыр Жапаров жаңы маегинде ачыктап берди.
Президент маекте Кумтөр боюнча кабыл алынган чечимдер өлкөнүн жогорку жетекчилиги үчүн тобокелдүү жана чоң жоопкерчиликти талап кылган кадамдар болгонун, ал эми Теңиз Бөлтүрүк тармактын кесипкөй адиси катары чакырылып, ишеним артылганын айтты. Президент ошол кездеги премьер-министр Улукбек Марипов эл аралык соттордон жана тобокелдиктерден кетенчиктеп турганда бардык саясий жана укуктук жоопкерчиликти өзүнө алып, процессти алдыга жылдырганын эске салды.
Теңгиз Бөлтүрүктү Садыр Жапаров 2021-жылы “Кумтөрдү” башкарууга чакырган. Бир жыл өтүп-өтпөй Эсеп палатасы ишканадан каржылык мыйзам бузууларды таап чыгып, Бөлтүрүк кызматтан четтетилген. Ал эми Башкы прокуратура коррупциялык схемадан улам мамлекетке 1 миллиард сом өлчөмүндө зыян келтирилгенин аныктаган. Кумтөр алтын кенинин мурдагы тышкы башкаруучусу 2022-жылы кармалып, кийин үй камагына, андан соң айып төлөп эркиндикке чыккан.
“Жумуштан кетип, камакка алынар алдында мага келип, катасын мойнуна алды. “Мен европалык стилде башкарууга көнүп калгам жана бул адамдарга ишенчүмүн. Сиз туура айткансыз, мени кечириңиз" деди. Мен “адам катары сизди кечире алам. Бирок тергөө органдары кечирбейт. Сиз баарын төлөп, бардык чыгымдарды жабууңуз керек" дедим. Кийин ал камакка алынды. Чыгымдар төлөнүп берилди, андан кийин Бөлтүрүк эле эмес, башка айыпталуучулар да кызматтарынан бошотулду”, - деди Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысы Кумтөр маселесин 2005-жылдан баштап көтөрүп келген. 2008-жылы Кумтөр маселеси боюнча комиссар болуп, көп документтерди чогултууга мүмкүнчүлүк алган. Кийин дал ушул ишмердиги үчүн куугунтукталып, ал гана эмес камалып кеткени маалым. Деги эле Кумтөр үчүн күрөш Кыргызстандын эгемендик жылдарынын башынан бери келе жатат. Канчалаган комиссиялар түзүлүп, бири да максатына жеткен эмес. Эң алгач 1992-жылы түзүлгөн комиссия жаңыдан эгемендик алган өлкөнүн кызыкчылыктарын коргоого аракет кылган. Бирок эч кандай жыйынтыкка келбей тарап кеткен. 2003-жылы иштеген дагы бир комиссиянын жыйынтыгында Кыргызстандын үлүшү долбоордогу туруктуу 67%дан 15%га чейин төмөндөп кеткен. 2007-жылы депутат Кубанычбек Исабеков баштаган комиссия кырдаалды жарым-жартылай оңдоп биздин өлкөнүн үлүшү 33%га жеткен. Бирок корук делген миңдеген гектар жер канадалыктарга берилип кеткен.
Ошону менен 2020-жылы гана Садыр Жапаров бийликке келери менен Кумтөрдү кайтаруу боюнча иштер кайра башталган. 2021-жылы депутат Акылбек Жапаровдун комиссиясы улуттук мыйзамдарга "тышкы башкаруу" түшүнүгүн киргизип, канадалык менеджменттин кенге катышын толук жойду. Мурдагы комиссиялар мыйзам бузууларды кагаз жүзүндө гана каттап, анча чоң эмес компенсацияны кабыл алса, акыркы комиссия бир нече миллиард долларлык доолорду эл аралык сотко жеткире алды. Алсак Centerra Gold компаниясына жалпысынан 4,2 миллиард доллардан ашык эбегейсиз каржылык дооматтар коюлду. Анын 3,08 миллиарды экологияга, анын ичинен Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө келтирилген зыянга байланыштуу. Калган 1,16 миллиард доллары салыктан түшпөй калган каражаттар экени аныкталып, чыныгы киреше жашырылып келгени аныкталды. Ал эми 2003-жылдагы жана 2009-жылдагы макулдашуулар мамлекеттик чыккынчылык деп аталды.
Кумтөр алтын кенин мамлекетке толук кайтаруу - жеке амбициялардын эмес, Садыр Жапаровдун бекем саясий эркинин жана кесипкөй адистер, мамлекеттик органдардын бир муштумга биригип иштегенинин жыйынтыгы. Ички иштер, башкы прокуратура, каржы жана экономика министрликтери, салык жана экология кызматтары бирдиктүү механизм катары иштеп, АКШ менен Европадагы 5 эл аралык арбитраждык сотто өлкө кызыкчылыгын коргой алышты. Мурдагы саясий кризистерден сабак алуу менен бул жолу бийлик эң жогорку жоопкерчиликти өзүнө алып, өлкөнүн башкы байлыгын кыргыз элине биротоло кайтарды. Бул туурасында “Кабар” агенттигине 2021-жылдагы Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

“Баары президенттин тапшырмасы менен жасалды. Саясий эрк, мүмкүнчүлүктөр жана ишенич болбосо бул ишке ашпайт эле. Командадагы ар бирибиздин милдетибиз бар эле. Мурунку президенттердин саясий эрки болгондо балким мурун эле Кумтөр бизге өтмөк. Салык кызматы, экологдор, ИИМ, Башкы прокуратура, Каржы министрлиги, Экономика министрлиги бардыгы бир муштумга биригип, бирдиктүү механизм болуп иштеди. Ошондуктан ийгиликке жетиштик.
Негизи мурдагыдай болуп ишке ашпай калбайбы деп президент Садыр Жапаровдун өзүнөн деле сурагам. Анткени, мен 2006-жылы мамлекеттик комиссия түзүп, Кумтөрдү текшерип жыйынтыгы парламентке жеткиче Жогорку Кеңеш тарап, өкмөт отставкага кетип калган. Дагы ушундай болбойду деп сурасам, Кумтөр бизге өтмөйүнчө саясий да, экономикалык да реформа кыла албайбыз деди. Баарыбыз колдодук. Биздин башыбызда саясий эрки бекем президент турган үчүн Кумтөрдү алдык. Командадагылардын баары тажрыйбасын, билимин, мүмкүнчүлүктөрүн кошту. Ичтен жана сырттан профессионал дегендин баарын чакырдык. Америкада 2 арбитражды, Европада 3 арбитражды Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо менен бүтүрдүк”, - деди Акылбек Жапаров.
Кумтөр боюнча жасалган ийгиликтүү иштин баары мамлекеттики деп эсептелинет. Ал эми бийликтин саясий эрки болбосо баары мурдагыдай эле кагаз жүзүндө калмак. Бул туурасында Президентке караштуу коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова билдирди.

“Мурда өлкө башындагылар Кыргызстандын кызыкчылыктарын карашкан эмес. Бөлөк өлкөлөрдү карасак мамлекеттин үлүшү 60% болсо, инвесторлордуку 40%. Кыргызстанда тескерисинче, биздин үлүшүбүз 30% болчу, инвесторлордуку 70% эле. Мындай атканда бизди тоноп жатышты. Директорлор кеңешинде кимдер отурду, алтынды бөлүшкөндө дивиденддерди, кирешени ким алып жатты? Директорлор кеңешине кирүү оңой эмес. 30 жылдын ичинде Кыргызстанга берилген акча 10 пайызга да жеткен жок. Тоолор, мөңгүлөр, калдык сактоочу жайлар каралбай калды. Инвесторлор Ысык-Көлдү өнүктүрүүгө деп жылына 1 млн сом берип коёт. Ал оорукананы ремонттогонго да жетпейт эле.
Негизи илимий жактан тастыкталган бир аныктама бар. Биринчиден, саясий эрк болбосо айтылган сөздүн баары кагаз бетинде калат. Мурда саясий эрк жок болгон үчүн Кумтөр таланып кетти. Президент Садыр Жапаров башында эле Кумтөрдү кайтарып берем деген. Кайтарып берди. Бул саясий жоопкерчилик. Президент баарын өзү жасабайт, профессионалдар бар, мамлекеттик органдар бар. Алардын жасаган иши мамлекеттики деп эсептелинет. Алар кандай иш жасабасын алар мамлекетке таандык”, - деди Нурипа Муканова.
Жыйынтыктап айтканда Кумтөрдүн тарыхы Кыргызстан үчүн чоң сабак жана ошол эле учурда сыймык болуп калды. Мурдагы бийликтердин тушунда саясий эрктин жоктугунан улам таланып келген алтын кени бул жолу президенттин чечкиндүүлүгү жана бирдиктүү команданын кесипкөйлүгү менен кайтарылды. Алтын кени өлкөдө саясий жана экономикалык реформаларды чечкиндүү жүргүзүүгө негиз болуп берди.