Бишкек, 17.08.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешмеде бир катар актуалдуу социалдык маселелерди, анын ичинде пенсияларды жогорулатууну карады.
Кеңешменин жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы 2026-жылдын 1-октябрынан тартып камсыздандыруу бөлүгүндөгү пенсияларды индексациялоо жана пенсиянын минималдуу өлчөмүн 8 800 сомго чейин жогорулатуу пландалып жатканын билдирди.
Министрлер кабинетинин башчысынын айтымында, индексациянын коэффициенти 1,20 өлчөмүндө, башкача айтканда 20 пайызга белгиленди.
"8800 сомго чейинки пенсиялар үчүн камсыздандыруу бөлүгүн орточо жогорулашы 141% ды түзөт, ал эми 8800 сомдон жогору пенсиялар үчүн камсыздандыруу бөлүктөрүнүн жогорулашы 120% ды түзөт. Индексациянын натыйжасында пенсиянын орточо өлчөмү 12 898 сомго жетет, ал эми орточо жогорулоо 1 753 сомду же 116% ды түзөт",- деп белгиледи министрлер кабинетинин башчысы.
Бул маселе боюнча Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевге индексация боюнча бардык эсеп-кысаптарды, каржылык камсыздоону жана пенсионерлерге төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүү боюнча толук даярдык жүргүзүү, ошондой эле жарандардын арасында кеңири түшүндүрүү иштерин уюштуруу тапшырылды.