Францияда катуу куюндан улам 3 миңге жакын үй электр жарыгысыз калды

Дүйнө 25 Август 2026 08:55
3172ead9-e041-46e0-8568-8f04f9f5a90b.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 25.08.26 /Кабар/. Франциянын Од департаментиндеги Пома коммунасынын аймагында күчтүү куюн катталып, 26 адам жабыркады. Алардын абалы орточо оор деп бааланып жатканын Казинформ кабарлайт.

Табигый кырсыктын кесепетинен 100гө жакын үй олуттуу зыянга учурап, 3 миңге жакын үй электр жарыгысыз калды. Ошондой эле катуу шамалдан бак-дарактар кулап, жолдордо унаа кыймылы кыйындады.

Ал эми куюн аймакты каптаган күчтүү бороон-чапкындан улам пайда болгон.

Франциянын улуттук метеорология кызматы өлкөнүн түштүгүндөгү 20 департаментте, анын ичинде Од департаментинде, күн күркүрөп, катуу жаан жаашы мүмкүн экенин эскертип, “кызгылт сары” деңгээлдеги кооптуу аба ырайы режимин жарыялаган.

Аталган аймакта бир сааттын ичинде 30 миллиметрден ашык жаан жааган. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 32,5 метрге чейин жеткен.