Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. Японияда кызыл өңгөч рагын дарылоого жактырылган, дүйнөдөгү алгачкы онколитикалык вирустук дарыны коммерциялык сатуу башталды. Бул тууралуу Tokyo Brief басылмасына таянуу менен Казинформ жазды.
Дарыда рак клеткаларын тандап жуктуруп, жок кылууга багытталган генетикалык жактан өзгөртүлгөн вирустар колдонулат. Ошол эле учурда дени сак ткандарга зыян келтирилбейт. Дары эндоскоптун жардамы менен түздөн-түз жабыркаган аймакка киргизилет.
Препаратты колдонууга уруксат кызыл өңгөч рагы менен ооруган, радикалдуу операция же химиялык-нур терапиясын жүргүзүүгө мүмкүн болбогон бейтаптарга гана тиешелүү. Демек, ал кызыл өңгөч рагы менен ооругандардын жалпы санына салыштырмалуу тар чөйрөдөгү бейтаптарга арналган.
Вирустук препаратты 2004-жылы негизделген япониялык Oncolys BioPharma биофармацевтикалык компаниясы иштеп чыккан. Терапия алгач Окаяма университетинин мурдагы профессору жүргүзгөн изилдөөлөрдүн негизинде түзүлгөн.
Өткөн жылдын декабрь айында компания Япониянын Саламаттык сактоо, эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигине препаратты өндүрүүгө жана сатууга уруксат алуу үчүн арыз берген. Быйыл июнь айында дары тездетилген тартипте жактырылган.