Бишкек, 05.12.25 /Кабар/. Дүйнөдөгү эң жаш миллиардер — IT-бизнесин негиздеген мурдагы балерина Луана Лопес болду. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, миллиардер наамына ал 29 жашында ээ болгон. Ага негиздеген Kalshi компаниясынын рекорддук инвестицияларды тартуусу жана рыноктук баасынын 11 миллиард долларга жетиши себеп болгон.
Kalshi стартапын Луана Лопес менен Тарек Мансур 2018-жылы Массачусетс технологиялык институтунда окуп жүргөндө негиздешкен. Бүгүнкү күндө бул платформа АКШдагы эң ылдам өнүгүп жаткан финтех компаниялардын бири болуп саналат.
Компания жакында эле 300 миллион доллар инвестиция тартса, эки ай өтпөй дагы 1 миллиард долларга жакын каржылоого ээ болгон. Бул инвестициялар компаниянын баасын 5 миллиард доллардан 11 миллиард долларга чейин көтөрүүгө өбөлгө түзгөн.
Луана Лопес жаш кезинде классикалык балет менен алектенип, Бразилиядагы “Большой театр” мектебинде билим алган. Кийин толугу менен технология жана каржы дүйнөсүнө ооп кеткен.
Ал компаниянын ийгилигин инвесторлордун терең ишеними менен түшүндүрөт.