Дэн Сяопин проспектисинин дагы бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат

Коом Загрузка... 12 Март 2026 17:31
1773312340_large.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 10.03.26. /Кабар/. Эртең, 13-марттан тарта Бишкек шаарындагы Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабында жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын алкагында проспекттин Кайназарова көчөсүнөн Сыдыгалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат.

Эскерте кетсек, буга чейин оңдоо иштеринин биринчи этабынын алкагында проспекттин Интергельпо көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки тилкеси жабылган болчу.

"Бул иштер борбор калаанын жол инфраструктурасын жаңылоого, жол кыймылынын коопсуздугун жана сапатын жогорулатууга багытталган",-, деп айтылат маалыматта.