Дээрлик 3 млн кыргызстандык "Түндүк" аркылуу медкызматтарды колдонууда

Ден соолук 22 июль 2026 10:55
Дээрлик 3 млн кыргызстандык "Түндүк" аркылуу медкызматтарды колдонууда
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. Кыргызстанда дээрлик 3 млн жаран "Түндүк" платформасы аркылуу санариптик медициналык кызматтарды колдонууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда 2,94 млн адам дарыгерге онлайн жазылып, лабораториялык анализдеринин жыйынтыктарын электрондук форматта алып жатат.

Ошондой эле телемедицина алыскы аймактардагы бейтаптарды адистер менен байланыштырып, энелердин жана балдардын саламаттыгын коргоо, эмдөө жана майыптыгы бар адамдарга көрсөтүлүүчү кызматтарды жакшыртууга көмөктөшүүдө.

БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве белгилегендей, санариптик технологиялар ар бир адам жашаган жерине карабастан сапаттуу медициналык жардамга жетүүсүн камсыз кылууга багытталышы керек.