Бишкек, 09.07.26. /Кабар/. Физикалык жана психикалык ден соолукту жакшыртуучу, эч кандай акча талап кылбаган, бирок көпчүлүк байкай бербеген беш таңкы адат тууралуу жалпы практикалык дарыгер Амир Хан Daily Mirror басылмасына айтып берди.
Анын айтымында, күндү бир стакан суу ичүү менен баштоо керек, анткени уйкудан кийин организмде суюктук жетишсиз болот. Ошондой эле дарыгер эртең менен эң аз дегенде 10-20 мүнөт сыртка чыгууну сунуштайт. Күн нуру адамдын организмин жөнгө салууга, уйкуну жакшыртууга жана күн бою энергиянын жогору болушуна жардам берет.
Амир Хан кезектеги пайдалуу адат катары көк чөптүн үстүнөн жылаңаяк басууну атады. Бул ыкма буттун таманындагы нерв учтарын стимулдаштырып, тең салмактуулукту машыктырат жана денени бошоңдотуп, эс алдырат. Муну менен катар, дарыгер канаттуулардын сайраганы сыяктуу жаратылыштын үндөрүн угууну сунуштады. Бул стрессти азайтып, маанайды көтөрүүгө көмөктөшөт.
Дарыгердин акыркы кеңеши — беш жолу жай жана терең дем алуу. Мындай ыкма парасимпатикалык нерв системасын ишке киргизип, жүрөктүн согуусун калыбына келтирет жана стресстин организмге тийгизген терс таасирин азайтат.