COVID-19: Ооругандардын көзүндө көйгөй жаралышы мүмкүн – окумуштуулар

Ден соолук Загрузка... 10 Июль 2026 15:05
WhatsApp Image 2026-07-10 at 15.09.50.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 10.07.26 /Кабар/. Окумуштуулар коронавирус инфекциясын жеңил формада өткөргөн айрым адамдарда да көзгө байланыштуу узак мөөнөттүү көйгөйлөр калышы мүмкүн экенин аныкташты. Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, мындай белгилер айыккандан кийин үч жылга чейин уланышы мүмкүн экендигин Известия жазды.

Адистер COVID-19 менен ооруп, ооруканага жатпаган, бирок кийин көзүндө көйгөйлөр пайда болгон 100 адамдын абалын изилдешкен. Натыйжада алардын 78 пайыздан ашыгында оору бир жылдан кем эмес убакытка созулганы, ал эми үчтөн биринде эки жылдан да көп убакытка уланганы белгилүү болгон.

Айрым бейтаптар ден соолугуна байланыштуу жумушун толук же жарым-жартылай токтотууга аргасыз болушкан. Ошондой эле изилдөөгө катышкандардын бир бөлүгүндө гана COVID-19 диагнозу расмий түрдө тастыкталганы айтылат.

Окумуштуулар көз жаштагы суюктукту анализден өткөргөндө, ткандардын жабыркашын жана нерв системасындагы өзгөрүүлөрдү көрсөтүүчү айрым белоктордун деңгээли жогорулаганын аныкташкан.

Изилдөөчүлөр бул абалды “постковиддик көз синдрому” катары кароону сунуштап жатышат. Алар коронавирус менен ооруп айыккан, бирок көзүндөгү көйгөйлөргө көңүл бурбай жүргөн адамдар көп болушу мүмкүн экенин айтып, бул багытта дагы изилдөө жүргүзүү зарылдыгын белгилешти.