Учурда Кыргызстандын айрым мамлекеттер менен ишке ашырып жаткан инвестициялык долбоорлору коомчулукта ар кандай көз караштарды жаратууда. Айрыкча жер маселеси жана чет өлкөлүк жарандардын өлкө аймагында жүрүү тартибине карата мекенчилдикке жамынган түрдүү эмоционалдуу пикирлер айтылууда. Негизи мекенчилдиктин маңызы эмнеде? Мекенди сүйүү — кимдир бирөөгө каршы туруу же өлкөнүн өнүгүүсү, элдин бакубат жашоосу үчүн жоопкерчилик алуубу?
Чыныгы мекенчилдик бирөөнү жек көрүү же жасалма душман түзүү аркылуу жаралбайт, мекенге болгон сүйүү адамдын ички баалуулугунда, тарыхый эс тутумунда жана тарбиясында калыптанат. Бул тууралуу “Кабар" маалымат агенттигине тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов билдирди.

Анын айтымында, бул сезим адамдын аң-сезиминде терең сакталат жана аны ойготуу үчүн сөзсүз түрдө “душман” издөөнүн кереги жок.
“Мекенчилдик сезими – бул аруу сезим. Ал адамдын канында, табиятында, тарбиясында башкача айтканда, адамдын генетикалык эс тутумунда сакталып, кандайдыр бир кырдаал жаралганда ойгонот.
Бирок, бирөөнү жек көрдүрүү же атайын жасалма душман табуу аркылуу адамдардын мекенчилдик сезимин козгоо туура эмес. Мекенчилдик сезим адам баласында душман жок учурда деле адамдын акыл-эсинин тереңинде жашайт. Ошондуктан бирөөнү атайлап жаман көрсөтүү же душман образын түзүү аркылуу мекенчилдикти ойготом деген аракеттер жаңылыш”,- деди окумуштуу.
Биздин коомдо ар бир нерседен негатив, ката издеп, ошону айтууга көнүп калган адат бар экендигин Кайыпов өз сөзүндө белгиледи.
“Азыр социалдык тармактардын өнүгүшү менен адамдар каалаган убагында, каалаган жерине, каалаган оюн жазып калышты. Бул да убактылуу көрүнүш, убакыт өткөн сайын коом өз нугуна түшөт. Азыркы коомдо болуп жаткан көрүнүштөрдү убактылуу көрүнүш катары кабыл алуу керек. Бул негатив жаратуу менен өзүн-өзү канааттандыруу жолуна түшүп алгандыгыбыздын бир белгилери. Бирок, бул убактылуу, кыргыз эли басып өткөн жолунда көп сыноолордон өткөн. Бул учурларды да баштан өткөрүшүбүз керек.

Адамдар түбөлүктүү эмес, муун алмашат, убакыт өткөн сайын көз караштар өзгөрөт. Мисалы, мамлекет өнүгүп, дүйнөгө таанылган күчтүү өлкөгө айланса, терс пикир айткандар өзүнөн-өзү азайып, коом жалпы багытты колдоп калат. Ошондуктан азыр коомдогу ар кандай пикирлерге сабырдуу болуп, толеранттуу мамиле кылуу керек. Жарандардын бардыгы бирдей ойлонбошу мүмкүн, бирок аларды душман катары кабыл албастан, угуп, түшүнүүгө аракет кылуу зарыл. Азыркы көрүнүштөрдү тарых өзү жаратып жатат жана анын себептери бар”,– деди Кайыпов.
Мекенчилдиктин өлчөмү — эмоция эмес, натыйжа
Мамлекеттер аралык мамилелерде эмоцияга эмес, конкреттүү жыйынтыктарга таянуу маанилүү. Ар бир өлкө өзүнүн улуттук кызыкчылыгына жараша тышкы саясат жүргүзөт. Кыргызстан үчүн инвестиция, жаңы технологиялар, инфраструктуралык долбоорлор жана жаңы рыноктор экономикалык өнүгүүнүн маанилүү факторлору болуп саналат. Ошондуктан өлкө бардык мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен кызматташууга кызыкдар.

Президент Садыр Жапаров өз маектеринде Кыргызстан бардык мамлекеттер менен тең укуктуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп келет. 2024-жылы берген маектеринин биринде бийликке келгенден тартып, көп багыттуу тышкы саясат жүргүзүп келе жатканын белгилеген. Азыр да мамлекет башчысы көп багыттуу тышкы саясат жүргүзүп жатканына күбө болуудабыз. Мында негизги принцип - кайсы мамлекет менен кызматташуу эмес, ошол кызматташтык Кыргызстандын кызыкчылыгына канчалык жооп береринде.
Президент Садыр Жапаров коомдо кызуу талкууланып жаткан жер маселеси, тышкы карыз, темир жол курулушу, туризм жана энергетика боюнча билдирүү жасап, инвестициясыз мамлекетти өнүктүрө албастыгыбызды ачык айтты.
“Биздин максат - жерлерди Кыргызстанга пайда алып келгендей иштетүү. Завод курулса - элибиз иштейт. Логистикалык борбор курулса - ишкерлерибиз товарын экспорттойт. Туристтик объектилер курулса - аймак өнүгөт. Электр станциялары курулса - өлкөбүз электр энергиясы менен камсыз болот. Мыйзамды сактап, Кыргызстанга капитал, технология, өндүрүш жана жумуш орундарын алып келген инвесторлорго эшигибиз ачык болушу керек. Ошондуктан бул маселеде элдин сезими менен ойноп, ар бир инвестициялык долбоорду "жер сатылып жатат" деп манипуляция кылууну токтоткула! Кыргызстандын бир сантиметр дагы жери башка мамлекетке өтпөйт. Бирок, Кыргызстандын ар бир метри элибиздин бакубат жашоосу жана мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн иштеши керек. Ушул жерден бул маселе боюнча чекит коёлу. Бизге бүгүн куру дүрбөлөң эмес, заводдор, жумуш орундары, инвестиция жана күчтүү экономика керек,- деди президент.

Юстиция министри Аяз Баетов Фейсбуктагы жеке баракчасына жер тилкелерин ижарага берүү мамлекеттин кызыкчылыгын эске алган шарттардын негизинде гана берилерин билдирди. Маалымдалгандай, жерди дароо 49 жылга эмес, алгач 10 жылдык мөөнөткө ижарага берүү тартиби каралууда.
Чет өлкөлүк инвестициялардын агымы
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь-март айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын экономикасына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча оң динамика байкалды. Маалым болгондой, аталган мезгилде өлкөгө жалпысынан 386,791,9 миң АКШ доллары (болжол менен 386.8 млн $) көлөмүндө түз инвестиция тартылган. Инвестициялык географияга кайрылсак, Россия негизги өнөктөш катары үлүшү жалпы көлөмдүн 34,65 пайызын түзөт. Ал эми Кытайдан келген инвестиция 20,72 пайызды түзгөн.

Мамлекеттин өнүгүүсү үчүн маанилүү болгон чечимдер ар дайым тең салмактуу мамилени, терең талдоону талап кылат. Кыргызстан үчүн негизги милдет — өз кызыкчылыгын сактоо менен мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалануу, экономикалык өсүшкө шарт түзгөн долбоорлорду колдоо. Ошол эле учурда улуттук баалуулуктарды сактап, мыйзамдуулукту камсыз кылуу. Өлкөнүн келечеги үчүн эң маанилүүсү — фактыларга таянган, жоопкерчиликтүү жана конструктивдүү көз карашты калыптандыруу. Өлкөнүн күчү — мүмкүнчүлүктөрдү туура баалап, аларды элдин жашоо сапатын жакшыртууга багыттай билүү.