Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленет

Министрлер кабинети 07 Июль 2026 20:50
IMG_1106.jpeg
IMG_1105.jpeg
IMG_1107.jpeg
IMG_1108.jpeg
IMG_1109.jpeg
IMG_1110.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_1106.jpeg
IMG_1105.jpeg
IMG_1107.jpeg
IMG_1108.jpeg
IMG_1109.jpeg
IMG_1110.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 07.07.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларга даярдык көрүү жана аларды өткөрүү маселелери боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйында мааракелик иш-чаралардын концепциясы сунушталды. Пландалган иш-чараларга этно-маданий программа, айыл чарба жана өнөр жай тармактарын көрсөткөн көргөзмөлөр, салттуу спорттук мелдештер, концерттер, жарманкелер жана башка иш-чаралар кирет.

Тиешелүү мамлекеттик органдарга иш-чараларды сапаттуу даярдоону камсыз кылуу тапшырылды.