Чүй облусун 2030-жылга чейин өнүктүрүү: завод-фабрикадан тартып, чакан ГЭСтерге чейин

Аймак Загрузка... 23 Июль 2025 17:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

5-июнда президент Садыр Жапаров 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө жарлыкка кол койгон. Бул стратегиялык документ Кыргызстандын орто мөөнөттүү өнүгүүсүнүн артыкчылыктарын жана максаттарын аныктайт. Ал туруктуу өсүштү камсыздоого, калктын жашоо сапатын жогорулатууга, адамдык потенциалды ачууга, коомдун биримдигинин жана ички күчүнүн тиреги болгон руханий баалуулуктарды чыңдоого багытталган. Программада бардык милдеттер жарандардын татыктуу, коопсуз жана келечектүү турмушун камсыздоого бириктирилген. Бул ирет биз программадагы максаттарга ылайык, Чүй облусу тарабынан сунушталып жаткан долбоорлорго токтолобуз.

859501714275320_big.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын Экономика жана регионду комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салтанат Жумашева “Кабар” агенттигине билдиргендей, Чүй облусунун өнүктүрүү программасына экономика, өнөр жай, инфраструктура жана инвестиция боюнча долбоорлор киргизилүүдө. Этап-этабы менен энергетика, транспорт, суу чарба, социалдык чөйрөдө башка тармактардагы иштер инфраструктуралык планга жараша жүзөгө ашырылат.

WhatsApp Image 2025-07-23 at 15.27.10.jpeg

Облус өнүгүү үчүн 6 стратегиялык багытты аныктады:

- өнөр жай (машина чогултуу өндүрүшү, тамак-аш жана текстиль өндүрүшү);

- агроөнөр жай комплекси (агропарктарды өнүктүрүү, логистика жана кайра иштетүү, үрөн жана жер семирткичтерди, экспортко чыга турган продукцияны өндүрүү);

- энергетика жана жашыл экономика (чакан ГЭС, күн жана шамал электр станциялары);

- транспорт жана логистика (борборлор, кампаларды куруу, коңшу мамлекеттердин жана ЕАЭБдин рынокторуна чыгуу);

- санариптештирүү жана билим берүү (санариптик муниципалдык кызматтар, IT-парктар, кадрларды даярдоо);

- туризм.

WhatsApp Image 2025-07-23 at 15.28.15.jpeg

Өнөр жай. Салтанат Жумашева белгилегендей, быйыл 54 завод жана фабриканы ачуу пландалууда. Анын эсебинен 6,5 миң жаңы жумуш оруну түзүлөт.

"2023-жылы 33 өнөр жай объектиси пайдаланууга берилген. 2024-жылы – 24ү ачылса, үстүбүздөгү жылы 54 ишкананы ишке берүүгө камынып жатабыз. Быйыл машина куруу, тамак-аш, текстиль, фармацевтика багыттарында ишин баштай турган объекттер ачылат", - деди ал.

WhatsApp Image 2025-07-23 at 15.28.15 (2).jpeg

Чүй облусу жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө басым жасап жатат. Учурда 6 чакан ГЭС жана бир күн электр станциясынын курулушу жүрүп жатат.

"2030-жылга чейинки улуттук өнүктүрүү программасында каралган иш-пландарды жүзөгө ашырсак, экономикалык жактан жакшы көрсөткүчтөргө жетебиз деп турабыз. Өнөр жай продукциясы 2024-жылы 264 млрд 874 млн сом болсо, 2025-жылдын аягында 288 млрд 545 млн сомдук продукция өндүрүлөт, ал эми 2030-жылы 482 млрд 490 млн сомдук өнөр жай продукциясы чыгарылат деп мерчемделүүдө", - дейт Салтанат Жумашева.

WhatsApp Image 2025-07-23 at 15.28.14.jpeg

Инвестиция тартуу. Облуста инвестиция 2024-жылы 28 млрд сомду түзгөн. Быйыл жыл соңуна дейре 29 млрд сомго жетери күтүлүүдө. Бул көрсөткүч эсептөөлөр ылайык, 2030-жылы 32 млрд сомго чейин болушу керек деген пландар коюлууда.

WhatsApp Image 2025-07-23 at 15.28.16.jpeg

Жумуш орундары менен камсыздоо. Былтыр экономика тармагында алектенгендердин саны 375 миң адамды түзгөн. 2025-жылы алардын саны 381 миң кишиге чейин жогоруласа, 5 жылдан кийин бул сандар 430 миңге жетиши зарыл.

WhatsApp Image 2025-07-23 at 15.28.15 (1).jpeg

Ошол эле маалда жумушсуздуктун деңгээлин азайтууга да өзгөчө маани берилүүдө. Өткөн жылы жумушсуздуктун деңгээли калктын санынын 4%ын түзгөн. Быйыл бул көрсөткүч ылдыйлап, 3,9% болору айтылууда. 2030-жылга карата 3,2%га чейин жетиши кажет.