Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Манас шаарындагы Р.Азимов атындагы №13 мектепке 500 орундуу жаңы окуу корпусунун курулушу 90 пайызга аткарылды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Курулуш иштери 2026-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Үч кабаттуу имаратта окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн зарыл болгон шарттар каралган.
Учурда имаратта жасалгалоо жана айланасын көрктөндүрүү иштери уланууда.
Белгилей кетсек, президенттин тапшырмасы менен Бишкек, Ош жана Манас шаарларында жалпы 36 жаңы мектеп курулууда. Анын 20сы Бишкекте, 10у Ошто жана 6сы Манас шаарында жайгашат.