Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Токтогул шаарында тазалыкты камсыз кылуу жана аймакты көрктөндүрүү максатында 100 жаңы таштанды челек орнотулууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Иштер Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен 5 млн 721 миң сомдук долбоордун алкагында жүргүзүлүүдө.
Долбоор аркылуу муниципалдык "Ыңгайлуу шарт" ишканасына 2 электромобилдик техника, 2 өзү көтөрүүчү "Желмаян" техникасы, 4 электровелосипед, кар жана көчө тазалоочу техника, 15 таштанды челеги үчүн чатырча жана 4 чөп чапкыч алынган.
Жаңы техника жана жабдуулар шаарды санитардык жактан таза кармоого, көрктөндүрүү иштерин жакшыртууга жана коммуналдык кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталат.