Баткендин Чек айылында тез жардам бөлүмү ишке кирди

Аймак 28 сентябрь 2026 15:55
828365397_1633563281470454_7985102836694534226_n.jpg
825340697_1633563248137124_8494909023061652769_n.jpg
826682499_1633563278137121_4786332556615367732_n.jpg
826967823_1633563348137114_3661462577399052328_n.jpg
828842966_1633563254803790_3687271929604004122_n.jpg
828874324_1633563338137115_3778688946412524243_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Баткен районунун Чек айылында тез жардам бөлүмү пайдаланууга берилди.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, буга чейин үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору катары колдонулган имарат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, тез жардам кызматы үчүн ылайыкташтырылды.

Жаңы бөлүм 5 миңден ашык тургунга кызмат көрсөтөт. Анда фельдшерлер үчүн иш бөлмөсү, бейтаптар үчүн өзүнчө бөлмө жана дары-дармектерди сактоочу жай каралган.

Ошондой эле бөлүмгө тез жардам унаасы берилди. Жаңы бөлүм жергиликтүү тургундарга медициналык жардамды өз убагында көрсөтүүгө шарт түзөт.