Былтыр экологияны булгагандардан 973 млн сом жыйналды

Коом Загрузка... 09 Март 2026 11:50
5.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. 2025-жылы курчап турган чөйрөнү булгагандардан жалпысынан 973 млн 350 миң сом жыйналды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Райымкулова билдирди.

Анын айтымында, каражаттарды жыйноо планы 199,8 пайызга аткарылып, белгиленген көрсөткүчтөн эки эсеге жакын ашыгы менен жыйналган.

"Топтолгон каражаттар министрликтин атайын эсебине которулуп, мекеменин материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган. Атап айтканда, Бишкек, Чолпон-Ата жана Талас шаарларындагы административдик имараттар оңдоп-түзөөдөн өттү. Ысык-Көлдө жаныбарларды реабилитациялоо борборунун курулушу башталды. Ошондой эле 38 кызматтык унаа жана 4 моторлуу кайык сатып алынды. Браконьерликке жана экологиялык мыйзам бузууларга каршы күрөшүү үчүн фототузактар, дрондор, видеофиксаторлор, кесипкөй дүрбүлөр, GPS-навигаторлор жана башка керектүү шаймандар алынган", - деди ал.