Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Кыргызстандын жаратылышты коргоо аймактары 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча рекорддук натыйжаларды көрсөттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, экотуризм секторунан түшкөн каражаттын көлөмү 37,7 млн сомго жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 105 пайызга (+19,3 млн сом) өстү.
"Жыл ичинде мамлекеттик коруктарга жана жаратылыш парктарына 271 254 адам барган. Бул экологиялык маршруттарга болгон кызыгуунун 24 пайызга өскөнүн билдирет.
Келгендердин басымдуу бөлүгүн ички туристтер түзөт. Ошондой эле КМШ жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген туристтердин саны туруктуу өсүүдө.
Кирешенин кескин өсүшү тарифтик саясаттын оптималдаштырылышы жана төлөмдөрдү жыйноо системасынын жакшыртылышы менен түшүндүрүлөт.
Туризмди өнүктүрүү менен бирге жаратылышты коргоо көзөмөлү күчөтүлдү. Жыл ичинде 139 укук бузуу фактысы аныкталып, жаратылышка келтирилген 1,1 млн сомдук зыян эсептелди. Мыйзам бузуулардын 70%ы өсүмдүктөр дүйнөсүнө зыян келтирүүгө байланыштуу. Учурда айып пулдарды өндүрүү иштери соттук жана административдик тартипте уланууда.