Былтыр үй-бүлөлүк зомбулук боюнча сот иштери 24 пайызга өстү

Коом 11 март 2026 08:52
1.jpeg
15.jpeg
17.jpeg
16.jpeg
14.jpeg
13.jpeg
12.jpeg
11.jpeg
10.jpeg
9.jpeg
8.jpeg
7.jpeg
6.jpeg
5.jpeg
4.jpeg
3.jpeg
2.jpeg
Алдыга
Артка
1.jpeg
15.jpeg
17.jpeg
16.jpeg
14.jpeg
13.jpeg
12.jpeg
11.jpeg
10.jpeg
9.jpeg
8.jpeg
7.jpeg
6.jpeg
5.jpeg
4.jpeg
3.jpeg
2.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку сот

Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. 2025-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча сот иштери 24 пайызга өстү. Бул тууралуу Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясында Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова билдирди.

Жогорку соттун маалыматына ылайык, ал өлкөдөгү гендердик саясат жана сот адилеттүүлүгү тууралуу маалымат берди.

Жыйындын жүрүшүндө Бакирова үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдөгү статистикалык маалыматтарга токтолду.

"2025-жылы Кыргызстандын сотторунда үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 1196 иш каралган. Бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу дээрлик 24 пайызга көп", – деген ал өсүштү зомбулукту аныктоо деңгээлинин жогорулашы жана жарандардын сот тутумуна болгон ишениминин артышы менен байланыштырды.

Бакирова белгилегендей, аялдар менен кыздардын сот адилеттүүлүгүнө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу – Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнүн стратегиялык артыкчылыгы бойдон калат.

"Биз мыйзамдарды өркүндөтүү жана аялдардын экономикалык көз карандысыздыгын колдоо багытында ишти улантабыз", – деди Бакирова.

Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баштаган Кыргызстандын делегациясы катышып жаткан аталган эл аралык форум 19-мартка чейин уланат. Ага дүйнөнүн 107 мамлекетинен өкүлдөр чогулуп, аялдардын укуктарын коргоо маселелерин талкуулашууда.