Быйыл Талас облусунда 3 ири энергообъект ишке берилет

Коом 16 апрель 2026 12:30
672674939_944845741473735_6598246498391976986_n (1).jpg
672420211_944845558140420_2404279590244237804_n.jpg
673891518_944845701473739_4961440518845539088_n.jpg
670500928_944845884807054_6639054268509659801_n (1).jpg
672154957_944845698140406_6540614146402341180_n.jpg
672674939_944845741473735_6598246498391976986_n (1).jpg
671084363_944845728140403_1717795654124877122_n.jpg
674196641_944845691473740_8482516622740975417_n (1).jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 16.04.26 /Кабар/. Быйыл Талас облусунда үч энергетикалык объектинин курулушу аяктап, пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирет.

Маалыматта белгиленгендей, учурда темир-бетон буюмдарын чыгаруучу жаңы цехтин котлован казуу иштери аяктады. Андан электр мамычалары, ошондой эле суу өткөргүч темир-бетон шакектер, темир-бетон мамыча сыяктуу буюмдар чыгарылат. Жылына 2 миңден ашуун мамыча өндүрүлүп, жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүүгө, чыгымдарды кыскартууга жана жаңы 8 жумуш ордун түзүүгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, Абдыкалык Калматов участогундагы административдик имарат курулууда. Учурда пайдубалы куюлуп жатат. Имарат бир кабаттуу болуп, жалпы аянты 238 чарчы метрди түзөт жана 8 кызматкерге ылайыкталат. Бул объект 1960-жылы курулган эски имараттын ордуна салынууда.

Андан сырткары, Талас электр тармактар ишканасынын аймагында жайгашкан жогорку чыңалуудагы аба линиялары жана Электр жабдууларын сыноо, өтө чыңалуудан коргоо жергиликтүү кызматы, ашыкча чыңалуудан коргоо кызматы, сыноо кызматтарынын имараты реконструкциядан өткөрүлөт.

Жогоруда аталган иштер Улуттук электр тармактарынын өздүк каражаттарынын эсебинен каржыланып, иштерди Талас электр тармактар ишканасы жүргүзүүдө.