Быйыл дыйкандар 2 миңден ашык жаңы айыл чарба техникасын алышты

Коом Жүктөлүүдө... 03 Август 2026 14:45
лизинг.png
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 03.08.26. /Кабар/. Быйыл дыйкан-фермерлер 2 миңден ашык жаңы айыл чарба техникасын алышты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирет.

Белгилүү болгондой, 2011-жылдан бери министрлер кабинетинин колдоосу астында "АБанк" жана "Элдик Банк" ААКлары тарабынан 7 лизинг долбоору ийгиликтүү ишке ашырылып келет. Долбоорлордун алкагында айыл чарба техникалары жана кайра иштетүү жабдуулары жылдык 6%дык жеңилдетилген чен менен 7 жылдык мөөнөткө лизингге берилүүдө.

Мамлекеттик программа башталгандан бери дыйкандарга жалпы суммасы 24,8 млрд сомду түзгөн 11 986 даана техника тапшырылды. Ал эми 2026-жылдын ичинде эле 6,7 миллиард сомго 2 186 даана айыл чарба техникасы лизингге берилди.