Быйыл Бишкекте бардык таштанды полигондору жабылат

Коом Загрузка... 09 Март 2026 13:36
6.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы Бишкек шаарынын аймагындагы бардык таштанды полигондору жабылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директорунун орун басары Бекжан Султангазиев билдирди.

Анын айтымында, шаарда бир гана борбордук полигон калтырылып, анда курулуш калдыктарын топтоо үчүн өзүнчө жай ажыратылат.

"Күйбөй турган бетон жана башка калдыктар үчүн атайын жер болот. Быйыл Бишкек мэриясы бул иштерди толугу менен аяктоону пландап жатат", — деди ал.

Бул демилге борбор калаанын экологиялык абалын жакшыртууга жана таштандыларды иштетүүнү иретке келтирүүгө багытталган.