Быйыл 6 айда 159 миң жумушчу орун түзүлдү

Коом 19 ноябрь 2025 11:40
img-20190524-wa0002_730x0.730x0.jpg
691d48db3957f-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
img-20190524-wa0002_730x0.730x0.jpg
691d48db3957f-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 19.11.25. /Кабар/. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында 159 миң жумушчу орун түзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Борбордук Азия чөлкөмдүк экономикалык кызматташтыгынын (БАЭК) алкагында өткөн Кыргызстандын аймактык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү боюнча бизнес-форумда билдирди.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,9 эсеге көбөйгөн.

"2025-жылдын 10 айында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18,9 %га көбөйдү", - деди ал.