Бүтүрүү кечелерине акча чогултууга тыюу салынат: Мектеп директорлоруна эскертүү берилди

Коом Загрузка... 06 Апрель 2026 17:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултууга жол бербөө боюнча жыйын өттү.

Мэриядан билдиришкендей, жыйынга жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору катышты.

Жыйындын жүрүшүндө билим берүү уюмдарынын жетекчилери ата-энелерден (мыйзамдуу өкүлдөрдөн) жана окуучулардан акча каражаттарын жыйноого жол бербөөнү жөнгө салган Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын талаптары менен кол коюу аркылуу тааныштырылды.

"Окуу жылынын аягына чейин бүтүрүү аземдери жана башка салтанаттуу иш-чаралар үчүн акча чогултуу сыяктуу ар кандай акча жыйноолорго тыюу салынат. Эгерде мыйзамсыз акча чогултуу учурлары аныкталса, тиешелүү материалдар юридикалык баа берүү жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлөрү өзгөчө баса белгиленди", — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу берген маалыматка ылайык, учурда ички иликтөө жүрүп жатат. Эгерде маалыматта айтылгандар иликтөөдө тастыкталса, чогултулган бардык материалдар белгиленген тартипте укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет. Бул тармактагы мыйзам талаптарынын сакталышына көзөмөл туруктуу негизде жүргүзүлөт.