Брюсселде өкмөтсүз 500 күн өттү

Дүйнө Загрузка... 23 Октябрь 2025 17:15
WhatsApp Image 2025-10-23 at 17.12.50.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.10.25 /Кабар/. Бельгиянын борбору Брюсселде 500 күндөн бери өкмөт түзүлө элек. Бул тууралуу Euronews агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, регионалдык шайлоо өткөн жылдын июнь айында өткөн. Бирок андан бери саясий партиялар ортосунда коалиция түзүү боюнча бирдиктүү чечим кабыл алынбай, Брюссель өкмөтсүз калууда.

Брюсселдин аймактык парламентинде 89 мандат 14 саясий партияга бөлүштүрүлгөн. Бирок француз жана голланд тилдүү партиялар, ошондой эле башка саясий топтор негизги маселелер боюнча бир пикирге келе албай жатышат. Айрымдары бири-бири менен сүйлөшүүдөн таптакыр баш тартышууда.

Ушундай кырдаалдан улам Брюссель жаңы бюджетти кабыл ала албай, дээрлик бардык секторлордо кризис жаралууда. Курулуш жана инфраструктуралык долбоорлор токтотулган. Коомдук транспорт жана саламаттык сактоо мекемелери инвестицияга муктаж болууда.

Эске салсак, Бельгия буга чейин 2010–2011-жылдары федералдык өкмөттү түзүүдө дүйнөлүк рекорд коюп, 541 күн өкмөтсүз жашаган. Учурдагы саясий чыңалуу да дал ошол учурду эске салууда.