Бишкек, 17.11.25 /Кабар/. Бразилияда операция учурунда шишик клеткаларын тез жана так аныктай алган атайын калем клиникалык сыноодон ийгиликтүү өтүүдө. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, аталган калемди 33 жаштагы бразилиялык химик Ливия Эберлин ойлоп тапкан.
Анын айтымында, бул көчмө аппарат адамдын терисинин молекулярдык түзүлүшүн окуп, анын таза же ракка чалдыкканын так аныктай алат.
“Калемдин учу адамдын терисинен молекулаларды соруп алып, аларды масс-спектрометрге жөнөтөт. Ал жерден тийиштүү анализ жасалып, клетканын залалдуу экендиги 90 секунддун ичинде аныкталат”,— деген Эберлин.
Система жасалма интеллектке негизделген.
Изилдөөнүн биринчи этабында 200дөн ашык үлгү талданып, 97% тактык менен рак шишигин аныктай алган.
Учурда башталган клиникалык сыноо 24 айга созулмакчы жана ага 60 бейтап катышат. Алардын 30у өпкө, 30у калкан безинин рагына чалдыккандар.