Браконьерлик үчүн жаза катаалдашты: Айып пулдар жогорулады

Коом 9 апрель 2026 11:15
1046503826_0_180_3167_1971_600x0_80_0_0_bed99f2209607c1a707a95c5c4e55ada.jpg
668566115_942494901736973_3432220054878420398_n.jpg
Алдыга
Артка
1046503826_0_180_3167_1971_600x0_80_0_0_bed99f2209607c1a707a95c5c4e55ada.jpg
668566115_942494901736973_3432220054878420398_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 09.04.26. /Кабар/. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине зыян келтиргендик үчүн айып пулдардын өлчөмү жогорулады.

Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы кол койгонун Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымдайт.

Жаңы ченемдерге ылайык, тоо текени мыйзамсыз атуу үчүн айып пулдун өлчөмү үч эсеге жогорулап, 300 000 сомду, ал эми элик үчүн 100 000 сомду түздү. Ошондой эле ак жана кара илегилектерге зыян келтиргендиги үчүн 30 000 сом өлчөмүндө айып пул белгиленди.

Айып пулдардын суммасын кайра карап чыгуудан сырткары, документ каражаттарды бөлүштүрүү механизмин да өркүндөтөт: эми өндүрүлгөн каражаттын бир бөлүгү экологиялык укук бузууларды аныктаган жана аларды тариздөөгө көмөктөшкөн адамдарды материалдык жактан сыйлоого жумшалат.

"Бул чара биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана браконьерлик менен күрөштү күчөтүүгө багытталган",-деп айтылат маалыматта.