Бишкек, 18.11.25. /Кабар/. “Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасы коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоодо. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тазалоо иштери жылына эки жолу, жазда жана күздө жүргүзүлөт. Шаар боюнча жалпы коллектордук-дренаждык тармактардын (КДТ) узундугу 80,6 чакырымды түзөт, анын ичинде:
- ачык КДТ — 64 миң метр;
- жабык КДТ — 16 миң 600 метр.
Мында жер астындагы суулардын деңгээли эң жогору болгон аймактарга, айрыкча Биринчи май жана Свердлов райондорунун конуштарына көңүл бурулууда. Каналдардын нуктарында ылай топтолуп, камыш өсүп кетүү учурлары көп кездешет.
Жабык коллектордук-дренаждык тармактардын иштешин татаалдаштырган негизги көйгөйлөргө жергиликтүү тургундардын мыйзамсыз кошулуп, тиричилик калдыктарын агызуусу, дренаждык тармактар өткөн тилкелерге өз алдынча тосмолорду орнотуу кирет. Кудуктардын капкактарын уурдоо да коркунуч жаратып, тейлөө иштерин кыйындатат.