Борбор Азиядагы эң чоң стадион 2026-жылы пайдаланууга берилет

Коом Загрузка... 25 Ноябрь 2025 13:50
2.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 25.11.25. /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талант Иманакун уулу "Кабар" агенттигинин "Элден собол" берүүсүндө "Азаттык Арена" стадионун качан пайдаланууга берүү пландалып жатканын билдирди.

Анын айтымында, курулуш иштерин президенттин Иш башкармалыгы жүргүзүүдө. Жаңы стадион 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган. Бул Борбор Азиядагы эң чоң стадион болот.

"Ал жерде 2000ден ашык орунга эсептелген унаа токтотуучу жай бар. Ошондой эле стадиондун айланасында дүйнөлүк бренддердин кийим дүкөндөрү, бизнес-борборлор, фуд-корттор жайгашат. Долбоордо бардыгы каралган. Пайдаланууга берүү 2026-жылдын августуна пландаштырылууда", — деди Талант Иманакун уулу.