Боом капчыгайында кекиликти мыйзамсыз аткандарга айып салынды

Укук тартиби
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 13.11.26 /Кабар/. Чүй облусунун Кемин районундагы Боом капчыгайынын Суулу-Терек коктусунда рейд учурунда уруксат кагазы бар аңчылар тарабынан белгиленген ченемден ашыкча 13 баш кекилик атылганы аныкталды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, рейд Чүй регионалдык башкармалыгынын егери жана NABU уюмунун ”Барс” тобунун инспектору тарабынан өткөрүлгөн.

Аталган жарандарга Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 37 500 сом өлчөмүндө административдик айып салынып, жаратылышка келтирилген зыян 26 000 сом деп бааланды. Жарандар салынган айып пулду жана келтирилген зыяндын ордун өз ыктыярлары менен төлөөгө макул болушту.

Эске салсак, аңчылык эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө, жапайы жаныбарларды коргоо жана мыйзамсыз аңчылыктын алдын алуу багытындагы рейддик иш-чаралар улантылууда.