Дизайн-код жана тазалык: Бишкек мэриясы шаарды иретке келтирүү талабын койду

Коом 7 апрель 2026 09:45
1775484202 (1).jpeg
1775484164.jpeg
1775484154.jpeg
1775484159.jpeg
1775484169.jpeg
1775484192.jpeg
Алдыга
Артка
1775484202 (1).jpeg
1775484164.jpeg
1775484154.jpeg
1775484159.jpeg
1775484169.jpeg
1775484192.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 07.04.26 /Кабар/. Бишкек мэриясында шаарды көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык ишембиликти өткөрүүгө арналган пландуу жыйын өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эки айлык башталгандан тартып аймактарды комплекстүү тазалоого, жашылдандырууга жана шаарды көрктөндүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Иш-чаралардын алкагында шаар боюнча бардык райондордо дарактарды массалык түрдө отургузуу жүргүзүлүүдө.

Төрт административдик райондун башчыларына Бишкек мэриясынын Муниципалдык инспекциясы менен биргеликте көчөлөрдөгү тартипти жана тазалыкты сактоо үчүн үзгүлтүксүз рейддерди жана мониторинг жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары, имараттардын фасаддарын борбор калаанын дизайн-кодуна ылайык талапка келтирүү милдети коюлду.

Ошондой эле муниципалитет мамлекеттик органдардын ишембиликтерге катышуусун көзөмөлгө алып, бекитилген аймактардагы иштердин аткарылышын текшерет.

Жыйындын жыйынтыгында бардык иштердин аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү жана тургундарды шаарды көрктөндүрүү ишине активдүү тартуу тапшырмасы берилди.

Бишкек мэриясы шаар тургундарын эки айлык иш-чарага активдүү катышууга чакырып, баарыбыз биргеликте таза, жашыл жана көрктүү шаарды түзүүгө чакырат.