Орок жана Селекция: 16-апрелде Бишкектин четиндеги конуштарда суу өчөт

Коом 13 апрель 2026 15:22
1043906911_0_0_3075_1730_1920x0_80_0_0_877bd0d4af102278d8098886aad9afd3.jpg
WhatsApp Image 2026-04-13 at 15.12.14.jpeg
Алдыга
Артка
1043906911_0_0_3075_1730_1920x0_80_0_0_877bd0d4af102278d8098886aad9afd3.jpg
WhatsApp Image 2026-04-13 at 15.12.14.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 13.04.26. /Кабар/. Бишкектин түштүк-батышындагы конуштарда 16-апрелде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, чектөө эртең мененки саат 09:00дөн түнкү 24:00гө чейин созулат.

Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

  • Сарбан, Жал, Жогорку Орок, Кашкабаш, Достук, Селекция, Плодовое жана Калтар айылдары;
  • Жогорку Орок, 105-контур, ЖЭБ-2, Сары-Өзөн конуштары;
  • Ак-Ордо конушу (Ахунбаев көчөсүнүн түштүгү жана Сокулук районуна караган Ахунбаев көчөсүнөн жогорку бөлүгү);
  • Ак-Өргө конушу (Өмүр көчөсүнүн түштүк тарабы).

Мындай чара "Баш-Кара-Суу" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында реконструкция иштерин жүргүзүүгө байланыштуу көрүлүүдө.