Бишкекти туман каптады: Жолдордо көрүү мүмкүнчүлүгү чектелүүдө

Коом Загрузка... 04 Март 2026 08:30
646099347_1329766749196048_8930609188135703073_n.jpg
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 03.03.26./Кабар/. Бишкек шаарында туман түшкөнүнө байланыштуу жолдордо көрүү мүмкүнчүлүгү чектелүүдө.

ӨКМдин Гидрометеорологиялык кызматынын маалыматы боюнча, учурда шаар ичинде көрүү аралыгы 200 метрди түзүүдө.

Мындай учурда айдоочуларга ылдамдыкты төмөндөтүү, ал эми жөө жүргүнчүлөргө жолдон өтүүдө өтө кылдат болуу сунушталат.