Бишкекти эмне үчүн суу каптап жатат? Негизги себеби айтылды

Коом Загрузка... 11 Май 2026 17:35
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 11.05.26. /Кабар/. Социалдык тармактарда Бишкектин тургундары жаан учурундагы суу каптаган көчөлөрдүн жана тротуарлардын сүрөт, видеолорун жарыялашууда. Алардын айтымында, шаардын бир катар аймактарында чоң көлчүктөр пайда болуп, жөө жүргүнчүлөр жүрүүсү жана унаа кыймылы кыйындаган. Бул кырдаал боюнча "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын директору Адилет Абылбеков "Кабар" агенттигине түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, Бишкектин айрым жерлерин суу капташына жаандын узак жана катуу жааганы себеп болууда. Мындайда арыктар менен суу агуучу тутумдарга күч келип, суу батпай кетип жатат. Ал кошумчалагандай, буга лотоктордун жана арыктарга турмуш-тиричилик таштандылары, пластик бөтөлкөлөр жана курулуш калдыктары толуп калышы себеп болууда.

"Акыркы жылдары жаан-чачын көп жаап жатат, ал эми урбанизациянын темпи жана транспорттук жүктөмдүн өсүшү да суу чыгаруу тутумуна кошумча таасирин тийгизүүдө", - деди Абылбеков.

Директор учурда муниципалдык кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын билдирди. Ал арык тармактарын, лотокторду жана суу кабылдагычтарды туруктуу тазалоо иштери жүрүп жатканын, атайын техникалар жана атайын сордургуч (илосос) унаалар тартылганын белгиледи. Жумуштар шаардын бардык райондорунда, өзгөчө суу каптоо коркунучу бар тилкелерде жүргүзүлүүдө.

Нөшөрлөө тутумун модернизациялоо тууралуу суроого жооп берип жатып, директор тутумду этап-этабы менен жаңылоо жана тазалоо каралганын айтты. Учурдагы тармактарды изилдөө, көйгөйлүү тилкелерди тазалоо жана суу чыгаруу тутумунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгуу иштери жүрүп жатат.

Ал курулуш иштеринин суу чыгаруу тутумуна тийгизген таасири да текшерилип жатканын баса белгиледи. Анын айтымында, курулуш жана жол иштерин жүргүзүүдө жаан сууларынын агып кетишине кедерги болбошу үчүн арык жана нөшөрлөө тармактарынын сакталышына жана иштешине өзгөчө көңүл бурулат.

"Суу каптоонун бардык мүмкүн болгон себептери, анын ичинде шаардын борбордук бөлүгүндөгү инженердик инфраструктуранын абалы тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө", - деп жыйынтыктады ал.

Ошентип, Бишкектеги суу каптоо маселеси системалуу мүнөзгө ээ жана күндөлүк чараларды гана эмес, шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө комплекстүү мамиле жасоону талап кылат. Ошону менен бирге, бул маселени чечүү шаардык кызматтардын ишинен гана эмес, тургундар тарабынан карапайым жөнөкөй эрежелердин сакталышынан да көз каранды.

Бишкек шаарынын мэриясы да арыктардын толуп калышына жана суу каптоого негизги себеп катары арыктарга таштанга таштоо экенин белгилейт. Муниципалитет борбор калаанын тургундарын жана конокторун тазалыкты сактоого жана арыктарга таштанды таштабоого чакырды.