Бишкектеги Профсоюз көчөсү узартылып, жаңы жол көрүстөндү айланып өтөт

Коом 10 февраль 2026 11:00
525244482_1196585702517282_6975801925496518708_n.jpg
WhatsApp Image 2026-02-09 at 15.33.59 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-09 at 15.33.59.jpeg
WhatsApp Image 2026-02-09 at 15.33.58.jpeg
WhatsApp Image 2026-02-09 at 15.33.58 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-09 at 15.33.57.jpeg
WhatsApp Image 2026-02-09 at 15.33.56.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Профсоюз көчөсүн узартуу маселесин шаар тургундары менен талкуулады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, жол өтө турган аймакта көрүстөн жайгашкан. Дин өкүлдөрү, имам жана епископ буга чейин көрүстөн аймагына барып, диний көз караштан алганда коомдук зарылчылык жаралган учурда бардык нормалар сакталса, инфраструктуралык долбоорду ишке ашырууга тыюу жок экенин айтышкан.

Ошол эле учурда калаа мэри бул маселенин эки тарабын тең эске алуу зарылдыгын белгиледи. Долбоорго ылайык, айрым турак жайлар буздурулушу керек. Ошондой эле көрүстөнгө шаар тургундары барып, Куран окуп, дуба кылып, жакындарын эскерип келишет. Ал жерде 2022–2024-жылдары 50дөн ашык сөөк коюлган.

Санитардык нормаларга ылайык, мүрзөнү азыр казуу жана кайра көмүү иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат, анткени бул жугуштуу оорулардын очогунун пайда болушуна жана калктын саламаттыгына коркунуч жаратышы мүмкүн.

"Буга байланыштуу санитардык коопсуздукту жана шаар тургундарынын кызыкчылыктарын эске алуу менен жолду көрүстөндү айланып өтө турган кылып куруу чечими кабыл алынды",-деп айтылат мэриянын маалыматында.