Бишкектеги №23 мектеп жаңыланат: Спорт аянтчалары бар жаңы имарат салынууда

Коом Загрузка... 25 Февраль 2026 12:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 25.02.26. /Кабар/. Бишкектин Жибек Жолу проспектиси, 281 дарегинде жайгашкан №23 жалпы орто билим берүү мектебинин жаңы имаратынын курулуш иштери улантылууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, имарат үч кабаттан турат. Жалпы аянты 5 199,19 чарчы метрди түзүп, мектеп 560 окуучуга ылайыкталган.

Билим берүү мекемесинин аймагы көрктөндүрүлүп, заманбап инфраструктура менен камсыздалат. Анын ичинде кичи футбол аянтчасы, баскетбол жана волейбол аянтчалары, машыгуу зонасы, балдар ойноочу аянтча, асфальт-бетон жана таман таш төшөлгөн жолдор, канализация системасы, ошондой эле өрт коопсуздугу үчүн атайын өтмөктөр каралган.

Учурда ички жана тышкы жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, футбол жана баскетбол аянтчаларына тосмолор орнотулууда.